Миграцияда топтогон тажрыйбасын Баткенде наабайкана бизнесине айланткан Нурмухаммед Бурхановдун окуясы
Көпчүлүк адамдар үчүн миграция – убактылуу иштеп, акча таап, үйгө кайтуунун жолу. Бирок айрымдар чет жерде жүрүп акча гана эмес, тажрыйба да топтоп, келечекке койгон максатын аныктап кайтышат. Баткен облусунун Бужум айылында төрөлүп өскөн Нурмухаммед Бурханов миграциядагы тажрыйбасын бизнеске айланта алган ишкерлердин бири. Ал Эл аралык миграция уюмунун (ЭАМУ/МОМ) “1+1” пилоттук программасынын алкагында утуп алган гранттык колдоону жана топтогон тажрыйбасын кичи мекенинде наабайкана ачууга жумшады. Бүгүн бул үй-бүлөлүк бизнес 12 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыздап, аймактагы жаңы өндүрүштөрдүн бири катары калыптанып келе жатат.
Нурмухаммед Бурхановдун ишкерлик жолу, миграциядагы сабактары жана Баткенде нан өндүрүшүн кантип жолго койгону тууралуу “Ишкер медиа” сайтындагы эксклюзивдүү маектен окуй аласыз.
- Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз. Жеке ишкердикке чейин эмне менен алектенчү элеңиз?
- Мен Баткен районуна караштуу Бужум айылынан болом. Кесибим – бухгалтер-банкир, бирок бул тармакта иштеген жокмун. Бир нече жыл чет өлкөдө миграцияда жүрүп, тажрыйба топтоп келип, учурда туулуп-өскөн жеримде үй-бүлөм менен наабайкана иштетебиз.
- Миграцияга кетүүңүзгө эмне себеп болду жана ал тажрыйба бизнес ачууга кантип түрткү болуп берди?
- Чет жакка барып иштеп, каражат топтоп келип, жеке бизнесимди баштайм деген максатта миграцияга кеткем.
Орусияда 7-8 жыл жүрдүм. Ал жакта кафе-ресторандарда, наабайканаларда иштедим. Акыркы жылдары эко-продукцияларга басым жасаган бир наабайканада иштеп калдым. Чынында бул бизнес мага аябай жакты. Ошол себептен Кыргызстанга кайтып барганда наабайкана ачууну чечтим. Ал жактан нандын түрүн жасоодон баштап, кандай жабдуулар керек болот, аларды кайсыл жактан алып келем деп баарын үйрөндүм.



- Бизнес идеяңызды кантип ишке ашырдыңыз?
- Ошентип, 2018-жылы бир аз каражат топтоп алып, наабайкана ачам деп Кыргызстанга кайттым. Бирок, таптакыр ылайыктуу жер табылбай койду. Көп өтпөй карантин башталып, иштин баары токтоп калды.
2022-жылы Англиядагы сезондук жумушка иштегени кеттим. Ал жакта пияз жана капуста өстүргөн фермаларда аларды таңгактап иштедим. Алты ай тез эле өтүп, кайра Кыргызстанга кайттык. Келип Баткенде эле наабайкана ачууну туура көрдүм. Себеби, бул жакта атаандаштык аз болчу жана кичи мекениме аз да болсо салымымды кошкум келди. Ошентип, ылайыктуу жер таап, ал жерди оңдоп-түздөп, жабдууларды орнотуп, 2023-жылдын башында наабайканабызды ачтык.
Кийинчерээк Эл аралык миграция уюмунун (ЭАМУ/МОМ) “1+1” пилоттук программасы тууралуу угуп калдым. Бул программада Англиядан тапкан каражатыңдын канчасын бизнеске жумшасаң, уюм да ошончо өлчөмдө каржылык колдоо көрсөтөт экен.
Наабайканамды ачканым менен ири жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүгүм болбой жаткан. Анкета толтуруп, долбоорго катышып калдым. Ал жерден кардар жана жумушчулар менен иштегенден баштап, финансылык сабаттуулук, бизнес-план түзүү боюнча билим алдык. Бизнес-долбоорлорду жазып, коргоп, грант утуп алууга да жетиштим. Бул долбоордо жөн эле грантты колуңа карматып койбой, аны иштетип кетүү үчүн билимди кошо бергени жакшы экен. Мындан сырткары, бизнес чөйрөсүндөгү адамдар менен жолугуп, тажрыйба бөлүшүп, пикир алмашууга да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.



- Ишкерликти баштаганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз жана аларды кантип жеңдиңиз?
- Наабайканага ылайыктуу жай табуу биринчи кыйынчылык болду. Кээ бир жерлердин шарты туура келбесе, айрымдарында суу же электр энергиясы боюнча көйгөйлөр чыгып жатты. Ылайыктуу имаратты бир ай дегенде таптык.
Буга чейин соода менен алектенбегендиктен, башында дүкөндөргө барып нандарды сунуштап, өткөрүүдөн тартынып жүрдүм. Алгач 10 чакты ассортименттин ар биринен 20-30дан гана нан чыгарып, өткөрө баштадык.
Убакыт өткөн сайын дүкөндөрдөн жана башка аймактардан суроо-талап көбөйө баштады. Кардарларыбыз түрлөрүн көбөйтүп, көлөмдү арттырууну суранышты. Чынын айтсам, тез арада мындай жыйынтык болот деп күткөн эмеспиз. Бирок, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтөлү десек жабдууларыбыз жетишсиз болуп жатты. Ага карабастан кардарлардын сунуштарын эске алып, ассортиментти кеңейттик, буйрутмалар көбөйгөндө үй-бүлөбүз менен түнү бою иштеп калган күндөрүбүз да болду. Жаңы ишибиз жүрүшүп кеткенине кубангандыктан, чарчаганыбызды да сезбей, ал тургай убагында тамактанбай да иштеп жүрдүк.
- Наабайканаңызда канча адам иштейт?
- Башында наабайкананы апам, келинчегим жана инилерим болуп иштете баштаганбыз. Учурда өндүрүш кеңейип, дагы 12 кызды жумушка алганбыз. Жалпысынан 16 адам иштейбиз.



Башкы технологубуз – апам. Негизи апам кесиби боюнча медицина кызматкери. Өз кесиби менен иштеп жүрүп Орусияга миграцияга кеткен. Ал жакта апам экөөбүз наабайканада чогуу иштеп жүрдүк. Апамдын бул тармакта 15 жылдык тажрыйбасы бар. Учурда бардык өндүрүш процесстерин өзү көзөмөлдөйт. Келинчегимди, бизде иштеген кыз-келиндердин баарын апам өзү үйрөткөн.
- Азыркы учурда нандын кайсы түрлөрүн чыгарасыңар? Жалаң эле нан жасайсыңарбы?
- Биз нан жасоодо экологиялык таза продукцияга басым жасайбыз. Дүкөндөрдө сатылчу кадимки ачыткыны көп колдонбойбуз. Камырды апаларыбыздан калган ыкма (камыр туруш) менен ачытабыз.
Ишканабызда өндүрүш 4 бөлүккө бөлүнгөн: нан, кондитер азыктары, камырдан жасалган түрдүү даамдар жана жеке буйрутмалар. Нандын 6 түрүн чыгарабыз. Өзүбүздүн буудайды тегирменден тарттырып жайдары ун чыгарып, ага ачыткы кошпой нан жасайбыз.
Андан сырткары, “Баткен наны”, гречка унунан жасалган “Фитнес наны”, таруунун унунан жасалган “Лидер наны”, батон, багет жана Орусиянын технологиясы боюнча “Дарницкий” деген нандын түрлөрүн чыгарабыз. Жеке буйрутма менен пирамида нандарын жана ар кандай маарекелерге жазуусу менен нандарды жана тез татымдын нандарын даярдайбыз. Бир күндө 300 килограмм унду иштетебиз.


- Түшкөн кирешеңизди кантип бөлүштүрүп жатасыз? Бизнесиңизди өнүктүрүүгө жумшап жатасызбы?
- Азыркы учурда 200 чарчы метрден чоңураак, бардык шарттары менен цех салып жатам. Анын бир бөлүгүндө жасоо, бышыруу сыяктуу өндүрүш иштери жүргүзүлсө, экинчисинде даяр продукциялар таңгакталып, сатууга даярдалат.
Түшкөн кирешени толугу менен ошол цехке жумшап жатам. Буйруса, эки айдан кийин ишканабыз ишке кирет. Анда 20дан ашык адамды туруктуу жумуш менен камсыздап калабыз.
- Наабайканада кандай жабдуулар колдонулат жана өндүрүштө заманбап жабдуулар канчалык маанилүү?
- Наабайканада эң маанилүү жабдуу бул – нан бышырчу меш. Биз мүмкүн болушунча сапаттуу жана акыркы үлгүдөгү мештерди тандайбыз. Жаңы технологиялар өндүрүштүн сапатын көтөрүп, убакытты үнөмдөөгө жардам берет. Мисалы, мурдагы мештер нанды 20 мүнөттө бышырса, жаңы үлгүлөрү 12 мүнөттө даярдайт. Натыйжада өндүрүш тезирээк жана натыйжалуу болот.
Керектүү жабдууларды адатта Орусиядан алдыртабыз, кээде жергиликтүү дүкөндөрдөн табабыз. Табылбагандарын Кытайдан атайын буйрутма менен алдыртабыз.

- Нан жана башка азыктарыңарды кайсы жактарга сатасыңар?
- Цехти Баткенде ачып туура кылыптырбыз деп калам. Себеби, биз жакка нан көбүнчө башка шаарлардан келет. Келгиче жолдо бир күн кармалып калат. Мындайча айтканда, ысык нан жетчү эмес. Ал эми биздин нандар даяр болору менен сатууга чыгат.
Учурда нандарыбыз Баткен менен Лейлек райондоруна жеткирилет. Баткендин өзүнөн артпайт десем туура болот.
- Алдыдагы пландарыңыз кандай жана жаңыдан ишкерликке кадам таштагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Алдыдагы 5 жылдык планыбызда башка региондо чоңураак цех ачып, өндүрүштү кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Ишти жаңы баштаганда күмөн санагандар, ишенбегендер да болду. Бирок тандаган жолумдан кайткан жокмун. Бул багытта үй-бүлөмдүн колдоосу мага чоң дем берди. Буйруса, анын жыйынтыгын көрүп, баарыбыз кубанып отурабыз.
Жаңыдан ишкерликке киришип жаткандарга эң негизгиси – биринчи кадамдан коркпогула демекмин. Кыйынчылыктар сөзсүз болот, бирок чыдамкайлык менен жеңип, түшкөн кирешени кайра бизнеске жумшоо абдан маанилүү. Дароо эле чоң жыйынтык күтүү туура эмес, ийгилик убакыт менен келет.
Ал эми чет жерде жүргөн мекендештериме акча табуу менен чектелбей, сөзсүз түрдө бир өнөрдү үйрөнүп, тажрыйба топтоп, аны өз мекенибизде колдонууга аракет кылгыла деп кеңеш берет элем.