Кыргызстанда Chevrolet жана Isuzu унаалары чыгарылат — баасы 13 миң доллардан башталат

Кыргызстанда Chevrolet жана Isuzu унаалары чыгарылат — баасы 13 миң доллардан башталат

Биргелешкен кыргыз-өзбек автоунаа заводу жеңил Chevrolet унаасын жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «ДТ Техник» ЖЧКсынын директору Фархатжон Досматов билдирди.

Жыйында депутаттар Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы КРда автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

«Баштапкы этапта биз Chevrolet жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарууну пландап жатабыз. Жеңил унаалардын баасы 13 миң доллардан, жүк ташуучу унаалардыкы — 28 миң доллардан болот», — деди Досматов.

Белгилей кетсек, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова долбоор тууралуу маалымат берип жатып, ал үч этап менен ишке ашырыларын жана 500 жумуш оруну түзүлөөрү күтүлүп жатканын билдирген.

«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети милдеттенмелерди алып жатат, ага ылайык, автотранспорт каражаттарын өндүрүү үчүн автоунаа комплекттерин импорттоодо жана аларды сатууда КНСтен, ошондой эле бул каражаттарды өндүрүү үчүн ташылып келген машина комплекттери да Бажы алымынан бошотулат», — деген анда министрдин орун басары.

Ошондой эле Усенбекова каражатты азырынча жеке компаниялар өздөрү каржылай тургандыгын, бирок эгер дагы керек болсо, Кыргыз-Өзбек фондуна кайрылса болорун айткан эле.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан