Кыргызстандыктар Tesla унааларын заводдон түздөн-түз буйрутма бере алышат

Кыргызстандыктар Tesla унааларын заводдон түздөн-түз буйрутма бере алышат
Photo by Tesla Fans Schweiz / Unsplash

Россиялык Expocar ​​стартапы Tesla унааларын өндүрүштөн түздөн-түз Кыргызстанга жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу Rb.ru басылмасына стартаптын негиздөөчүсү Магомед Алиев билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, унааларга буйрутма берүү үчүн кардарлар 3D-конфигураторунун жардамы менен унааны чогултуп, жеткирүүнү уюштура турган онлайн дилердик кызматты пайдалана алышат. Азыр Expocar ​​компаниясы Tesla заводу менен Россияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Кыргызстанга электр унааларын жеткирүү боюнча келишим түздү.

Алиевдин айтымында, интернет-салон аркылуу биринчи айда 15тен ашык унаа сатылган. Ошол эле учурда, Tesla моделдеринин баасы өлкөдөн өлкөгө айырмаланып, орточо базар баасынан төмөн болот.

Мындан тышкары, Expocar ​​Kia жана Volkswagen заводдору менен түз жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Аял ишкерлерге берилген насыялар 2,5 жыл ичинде 45%га өскөн

Аял ишкерлерге берилген насыялар 2,5 жыл ичинде 45%га өскөн

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2025-жылдын январь-июнь айларында мамлекет жалпы 98,9 млрд сом насыя бөлүп, анын 34,5 млрд сомун ишкер аялдар алганы келтирилди.  Ошондой эле статистикалык маалыматтарда мамлекеттик колдоо көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу жылдан жылга өсүп баратканы көрсөтүлгөн: * 2023-жылы жалпы – 68 млрд сом насыя берилсе, анын ичинен аял ишкерлер

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында жаңы бала бакча курулуп бүттү

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында жаңы бала бакча курулуп бүттү

Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылында жаңы бала бакчанын курулушу бүтүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен 78 миллион сом бөлүндү. Жаңы бала бакча 100 орунга ылайыкталып, заманбап шарттары менен эки кабаттуу имаратта жайгашкан. Жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт. Бул

Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады

Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Фонддордун бюджети негизинен тоо-кен казуу компанияларынын чегерүүлөрү жана жер казынасын пайдаланууга лицензиялардын эсебинен түзүлүп, облустук жана райондук деңгээлде иш алып барат. Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, жумуш менен

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки аралыкта 46 713 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө өзү тыюу салганын Улуттук банк жарыялады. Мурда да түшүндүрмө бергенибиздей, "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү