I-кварталдын ичинде микрокредиткалар 11 млрд сомго насыя беришти

I-кварталдын ичинде микрокредиткалар 11 млрд сомго насыя беришти

Үстүбүздөгү жылдын I-кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 11 млрд сом суммасында кредиттер берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, алуучулардын саны 192 миңден ашык адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда дээрлик 27%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 25%га көбөйдү.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 21%ы) жана Жалал-Абад облустарына (17%га жакын), ошондой эле Бишкек (16%га жакын) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 2 млрд. сому же 18%ы), Ош облусунун (2 млрд сомго жакын же 18%га жакын), Чүй (1.8 млрд сом же 16%га жакын) жана Жалал-Абад облустарынын (1.7 млрд сом же 16%га жакын) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 45%ы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 27%дан ашыгы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12%га жакын, курулушка - 4%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан