КРУБ коммерциялык банктар менен санкциялардын тобокелдиктерин талкуулады

КРУБ коммерциялык банктар менен санкциялардын тобокелдиктерин талкуулады

2023-жылдын 23-майында Улуттук банк коммерциялык банктардын комплаенс-кызматтары менен жолукту. Маалымат КРУБнын расмий сайтында жарыяланган.

Такталгандай, жолугушууда санкциялар жана санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири боюнча актуалдуу маселелер ортого салынды.

«Жолугушууда АКШ жана Европа бирлиги тарабынан КРнын экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнө карата чектөө чаралары киргизилген учурдан тартып Улуттук банк КРнын банк системасына санкциялардын терс таасирине бөгөт коюу жана банктык корреспонденттик мамилелердин токтоп калуу тобокелдиктерине жол бербөө максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», - деп билдирүүдө белгиленет.

Атап айтканда, Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктарга санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири жөнүндө маалымдап турат жана санкцияларга жол бербөө максатында коммерциялык банктарга OFAC, Европа бирлигинин санкциялык тизмегине кирген товарлар жана жактар менен операцияларды контролдоону күчөтүү жана аларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууну сунуштайт.

Мындан тышкары жолугушууда коммерциялык банктарга, банктын кардарларын тейлөөдө, санкциялар аларга карата киргизилген юрисдикциядагы жактар менен операцияларга өзгөчө көңүл буруу жана ички контролдукту күчөтүү чараларын көрүү ишин улантууну сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей