Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Бишкекте «Батуми» кафеси буздурулду

Чынгыз Керимбеков
Бишкекте «Батуми» кафеси буздурулду

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1 300 чарчы мертди түзгөн «Батуми» кафеси буздурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну контолдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барышты.

Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости