Ысык-Ата районунда Түштүк Кореянын жардамы менен курулган күнөскана жергиликтүү тургундарды жашылча менен камсыздоодо

Ысык-Ата районунда Түштүк Кореянын жардамы менен курулган күнөскана жергиликтүү тургундарды жашылча менен камсыздоодо

Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жашылчаларды өстүрүүнүн инновациялык технологиясы менен иш алып барган In Water Solutions Agro ЖЧКнын күнөсканасында жашылча жана кулпунай өстүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларды колдонуу менен курулган күнөскана 5.3 га аянт жерди ээлейт.

Учурда жашылчалар жергиликтүү рынокко чыгууда. Күнөсканада айылдын жана райондун тургундары үчүн бир нече жумушчу оруну түзүлгөн. Райондун акими Алмазбек Осмонов, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшембаев күнөсканада жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты.

Учурда аянтты кеңейтүү жана дагы жашылчалардын бир нече түрүн өстүрүү боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын ишкерлер билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей