Нарындык ишкерлер жүгүртүү каражаттарынын жана жетишсиздигине тынчсызданууда
Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Кочкор жана Жумгал райондорунун ишкерлери жүгүртүү каражаттарынын, эт-сүт азыктарынын жана балдын сапатын көзөмөлдөө боюнча жетишсиз экендигине тынчсызданууларын билдиришти. Алар пикирин Соода-өнөр жай палатасыны менен жолугушууда айтышты.
Такталгандай, ишкерлер ошондой эле адистердин жана жеткиликтүү окутуу курстарынын, айрыкча бизнес-план түзүү, продукцияны маркалоо, брендинг жана таңгактоо, лабораториялык изилдөөлөрдү жана кыртыштын анализин жүргүзүү эт-сүт азыктарынын жана балдын сапатын көзөмөлдөө боюнча жетишсиз экендигине тынчсызданууда.
Палатанын өкүлү бул маселеде көмөк көрсөтүү ниетин билдирди. Кызматташуунун жолдору кеңири түшүндүрүлүп, бардык кызыккан суроолорго жооптор берилип, эки райондогу маселелердин тизмеси түзүлдү
Ошондой эле, жолугушууларда ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүдөгү стандарттар, сертификаттарды жана лицензияларды алуу ыкмалары, ошондой эле чакан бизнести колдоо инструменттери, анын ичинде гранттар, жеңилдетилген кредиттер жана күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда кепилдиктер каралды.