Баткен менен Фергананын ишкерлери кызматташуу боюнча келишим түздү

Баткен менен Фергананын ишкерлери кызматташуу боюнча келишим түздү

Баткен облусунун ишкерлерден турган делегациясы Өзбекстандын Фергана облусуна барышты. Бул тууралуу КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Фергана облусунун  ишкерлер үйүндө өткөн жолугушууда  Фергана жана Баткен облустарынын  ишкерлери инвестициялык жана соода экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын талкуулашты.

Андан соң ишкерлер өз багыттары боюнча Фергана, Маргилан, Кувасай шаарларындагы жана бир катар райондордогу өнөр жай, айыл чарба, курулуш, текстиль ж б багыттардагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Жыйынтыгында эки облустун ишкерлери кызматташуу боюнча бир канча келишимдерге кол коюуга жетишти.

Мындан тышкары окуңуз

БУУнун климаттык саммити 2026-жылы Антальяда өтөт

БУУнун климаттык саммити 2026-жылы Антальяда өтөт

БУУнун ар жылы өтүүчү климаттык саммити 2026-жылы Түркияда өтөрүн Reuters жазды. Аталган саммитти өткөрүүгө эки өлкө атаандашып, бири-бирине жол берүүдөн баш тартышкандыктан, жетекчилик конферфенцияны Антальяда өткөрүп, төрагалык кылуу укугун Австралияга берүүнү чечкен.  Белгиленгендей Австралия өзүнүн арызын аралдык мамлекеттер менен кызматашуудагы “Тынчокеандык БУУнун климаттык саммити” катары сунуштаган. Көп өлкөлөрдөн колдоо табарынан

Быйыл жарым жылда былтыркыга караганда 21,7%га инвестиция көп тартылган

Быйыл жарым жылда былтыркыга караганда 21,7%га инвестиция көп тартылган

Сабиров быйыл жарым жылда 21,7%га көп инвестиция тартылганын "Биринчи радионун" 20-ноябрдагы эфиринде президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында 2024-жылы 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылса, быйылкы жылдын алты айында бул көрсөткүч 21,7%га көбөйгөн.  Р.Сабиров инвестициялардын басымдуу бөлүгү

Н.Түлеев: "Бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот"

Н.Түлеев: "Бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот"

Бишкектин Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында кызуу талаш боюнча "Кабар" маалымат агенттиги аталган долбоордун жетекчиси Нариман Түлеевден жогоруда айтылган пикирлер боюнча жооп алган. Н.Түлеевдин айтымында, бул долбоор толук бүткөн соң Кыргызстандын Монте-Карлосу болот. Ал шаар тургундарын сабыр кылып, бир аз күтө турууну өтүндү. “Бул

АӨБ Борбор Азиядагы долбоорлорго 10 млрд доллар инвестиция салууну пландоодо

АӨБ Борбор Азиядагы долбоорлорго 10 млрд доллар инвестиция салууну пландоодо

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Борбор Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) программасына колдоону күчөтүп, 2030-жылга чейин долбоорлор жана демилгелер үчүн 10 миллиард АКШ долларынан ашык инвестиция салууну пландап жатканын жарыялады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бул билдирүү Бишкекте өткөн БАРЭКтин 24-Министрлер конференциясында жасалды. АӨБнын Президенти Масато Канда экономикалык жана