Чүй облусунунда тоют заводу ачылды

Чүй облусунунда тоют заводу ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Аталык Жем» тоют заводунун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

«Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 млрд сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 млн сомду түзүп, 150 млн сому «Айыл банк» аркылуу берилген”, - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, ишкананын ачылышы өндүрүлгөн тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшыртат жана «бир гана тоют тармагын эмес, жалпы агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү болот».

Белгилей кетсек, «Аталык Жем» тоют заводу «ЭлДан Аталык агроөнөр жай комплекси» ЖЧКсына тиешелүү жана европалык өндүрүштөгү заманбап техникалар менен жабдылган.

Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

• дыйканчылык;

• үрөөнчүлүк;

• мал чарбачылык;

• жумуртка өндүрүү;

• тоют, жем өндүрүү.

Read more

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.