Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого алтынды сатуудан түшкөн пайдадан 2%» беренеси боюнча 1.45 млрд сом которгон.

Алардын ичинен 725.6 млн сом (50%) Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 435.4 млн сом (30%) Талас районун өнүктүрүү фондуна жана 290.2 (20%) млн сом Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна которулган.

Азыркы учурда «Альянс Алтында» 752 вахталык жумушчу иштейт, алардын 532си Талас облусунун тургундары (243ү Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн). Жерүй кенинде подряддык компанияларда иштегендерди кошкондо жалпы 1400гө жакын адам эмгектенет.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media