Бажы төлөмдөрүн онлайн төлөгөнгө мүмкүн пайда болду – долбоор «РСК банк» менен ишке киргизилди

Бажы төлөмдөрүн онлайн төлөгөнгө мүмкүн пайда болду – долбоор «РСК банк» менен ишке киргизилди

Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Такталгандай, мекеменин ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «РСК Банк» ААК менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргизди.

«Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн «РСК Банк» ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет», - деп мекеме белгиледи.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө башка коммерциялык банктар менен дагы накталай эмес ыкма менен реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей