Ош шаары Өзбекстан менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрөт

Ош шаары Өзбекстан менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрөт

Ош шаарына маалыматтык тур иш чарасына катышуу үчүн коңшу Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын туризм башкармалыгынын жетекчилери, туристтик операторлор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле келечекте туризм эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлей турганын белгиленип, туризм жаатында келген коноктор менен эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышуу болуп, мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун алкагында «Дестинация Ош» туристтик бирикмесинин өкүлү тарабынан Ош жергесинин туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасалды.

Коноктор туризм жаатында маалымат алмашуу жана Ош жергесинин туристтик потенциалдары менен таанышуу максатында 2 күндүк иш сапар менен келишкен.

«Мундуз Турист» туристтик компаниясы тарабынан түзүлгөн программага ылайык, коноктор Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай өрөөнүнүн туристтик мекемелери, жаратылышы кооз жайлары менен таанышышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей