Социалдык контракттын катышуучуларынын 75% айыл чарба тармагында бизнес ачкан

Социалдык контракттын катышуучуларынын 75% айыл чарба тармагында бизнес ачкан

2023-жылы cоциалдык контракт долбоорунун 7/5 миңден ашуун катышуучусу айыл чарба тармагында бизнес ачкан. Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Долбоорго бюджеттен бөлүнгөн 100 000 сомду бекер пайдаланып чакан бизнес ачкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышууда.

Катышуучулар туруктуу киреше алып, жеке ишкерлер гана болбостон, жумуш орундарын түзүшөт. 7.1 миң үй-бүлө мал чарбачылык тармагында өз ишин баштаса, өсүмдүк өстүрүү тармагында 120 долбоор, балчылык боюнча 118 долбоор ишке ашырылууда.

Республика боюнча 20 күнөскана жана 70 канаттуулар фабрикасы ачылган. Балык чарба тармагында дагы 6 долбоор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 айда жарандарга 108,8 млн сом төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 айда жарандарга 108,8 млн сом төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бүгүнкү күнгө карата жалпы 108 миллион 816 миң сом өлчөмүндөгү төлөмдөрдү жарандарга көрсөткөн кызматтарынын алкагында берди. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматка караганда, төлөмдөрдүн негизги бөлүгүн социалдык жана экономикалык мааниси жогору болгон учурлар түзөт: * ОСАГО боюнча – 618 жаранга 57 млн 222 миң сом төлөндү. Бул автоунааларды камсыздандыруунун калк үчүн

2026-жылы  Салык кызматынын миң кызматкери ишинен кыскарат

2026-жылы Салык кызматынын миң кызматкери ишинен кыскарат

"2026-жылдын май айында Салык кызматынын инспекторлорунун штаты кыскартыла баштайт, анткени контролдук функциялар атайын тутумга өтөт. Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бул кызматта 3 400 салык кызматкери бар." Мындай билдирүүнү, Салык кызматынын төргасы Алмамбет Шыкмаматов жарыялады. Анын айтымында мындай масштабдуу кыскартуу контролдун

Ала-Арча, Аламүдүн сууларынын жээктери экологиялык коридор катары сакталат

Ала-Арча, Аламүдүн сууларынын жээктери экологиялык коридор катары сакталат

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын жаңы долбоору боюнча болгон брифингде Бишкектин башкы планын деталдарына чейин кайра иштеп чыгып жаткан Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институтунун директорунун орун басары Ирина Гришечкина шаарды аралап аккан Аламүдүн, Ала-Арча сууларынын жээктерин экологиялык коридор катары сактоо зарылдыгын баса белгиледи.  Анын айтымында, каналдардын бою 15

А.Шыкмаматов: Салык кызматы реформанын экинчи этабына өтүүдө

А.Шыкмаматов: Салык кызматы реформанын экинчи этабына өтүүдө

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык системасын мындан ары реформалоо боюнча пландары менен социалдык тармактагы Салык кызматынын баракчасында бөлүштү. «Президентибиздин тапшырмасы менен бир жыл мурун салык салуу тутумун масштабдуу реформалоону баштадык. Реформанын биринчи этабы дээрлик аяктады. Анын жыйынтыгы менен көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко