Салык кызматы 190 үй тибиндеги бала бакчанын ээлерине ишкердик негиздерин үйрөттү

Салык кызматы 190 үй тибиндеги бала бакчанын ээлерине ишкердик негиздерин үйрөттү

Мамлекеттик салык кызматы бир ай бою турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн 190 жаранга ишкердик негиздерин үйрөттү. Бул тууралуу мекеме кабарлады.

Бул иш-чаралар «Мамлекеттик акселераторлор» долбоорунун алкагында уюштурулуп, калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Семинарлардын жүрүшүндө салык кызматкерлери башка мамлекеттик органдар менен биргеликте катышуучуларды жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо процесси менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алууга чейин тааныштырышты.

Ошондой эле, салык режимин тандоо, ишкерлер үчүн жеңилдиктерди жана башка салык куралдарын колдонуу боюнча иш-чаралар түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, курстун катышуучулары салыктык жана башка мамлекеттик кызматтарга байланыштуу суроолорго жооп алышты. Эскерте кетсек, турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат.

Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулган. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

Алар ошондой эле киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда, алар жыл сайын 1-апрелге чейин көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды жана 1-майга чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Мындан тышкары окуңуз

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Таластагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө Бишкек шаарынын борборунан эки бөлмөлүү батирдинберилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин ЖМКлар Рыскул Сыргабаев менен Медина Калиеванын кайрылуусун жарыялаган. Анда жаш жубайлар турак жай жана документ маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. 2024-жылдын ноябрь айынан бери алар борбор калаада ижарага алынган батирде жашап келишкен.

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева  Шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында учурда борбор калаада 119 мектеп жана 120 бала бакча бар экенин билдирди. Алардын ичинен: * 130 билим берүү мекемеси борборлоштурулган жылуулукка, * 54 мекеме газ менен, * 46 мекеме электр казандары (электрокотельная) аркылуу, * 15 мекеме көмүр

Мамлекеттик мүлктөрдү баалоо стандарттарына өзгөртүүлөр кирет

Мамлекеттик мүлктөрдү баалоо стандарттарына өзгөртүүлөр кирет

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 23-январында Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын аймагында баалоочулар жана баалоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө" 2025-жылдын 16-октябрындагы №673 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоор мамлекеттик мүлк объекттерин Министрлер кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын

Түштүк Корея  жасалма интеллектти жөнгө сала баштады

Түштүк Корея жасалма интеллектти жөнгө сала баштады

Түштүк Корея жасалма интеллектти (ЖИ) жөнгө салган комплекстүү мыйзам күчүнө кирген дүйнөдөгү алгачкы өлкө болгонун Reuters агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жасалма интеллект жөнүндө негизги мыйзам (AI Basic Act) 2026-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирди. Документ ЖИнин жардамы менен түзүлгөн бардык контентти — сүрөттөрдү, видеолорду, аудиолорду жана дипфейктерди — милдеттүү түрдө белгилөөнү (маркировкалоону)