Кыргызстандык 15 ата мекендик ишканалары «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандык 15 ата мекендик ишканалары «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандык 15 ата мекендик ишканалары «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Экономика жана коммерция министрлигинин аракеттеринин аркасында биздин ишкерлер 700гө жакын компаниянын өкүлдөрүнүн Иннопром-2023 аянтына, ошондой эле 400 россиялык-кытайлык ЭКСПО аймагына катышты. 35тен ашык эл аралык делегациялар жана Россиядан келген 25 аймактык делегациялар «Туруктуу өндүрүш: жаңылануу стратегиялары» деген бирдиктүү ураан астында бириккен.

Быйылкы жылы Белоруссия да өнөктөш өлкө болуп 125 ишканасы менен кирди. ЭКСПО аянтында Казакстан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай дагы өздөрүнүн иштеп чыгууларын көрсөтүштү.

«Бул иш-чарага катышуу менен өлкөбүз өзүнүн инвестициялык жана өнөр жай потенциалын көрсөтүүдө, ошол эле учурда жаңы тышкы өнөктөштөрдү табууга жана ар кандай келишимдерди түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алууда», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев «Иннопромдо» түзүлгөн келишимдердин түздөн-түз экономикалык эффектиси 500 млрд рублга бааланганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей