Энергетикалык суусундуктардын жарнамасын кылууга тыюу салынды

Энергетикалык суусундуктардын жарнамасын кылууга тыюу салынды

Энергетикалык суусундуктардын жарнамасын кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-июлунда президент Садыр Жапаров «Жарнама жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кол койду. Бул мыйзам менен энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу киргизилүүдө.

Такталгандай, энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү. Ден соолукка коркунучу, негизинен, курамында   кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу. Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында 100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу.

Мисалы мындай суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган. Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады. Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат. Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Каржы министрлиги физикалык алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKG киргизүү планы тууралуу маалымат берди. Ведомство жаңы санариптик активди экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык курал катары карап жатат. USDKGди киргизүү трансчегаралык эсептешүүлөрдү жеңилдетип, республикага инвестициялык тартып келүүнү күчөтүп, анын финансылык суверенитетин бекемдөөгө багытталган. Алтын менен камсыздоо жаңы санариптик валютанын туруктуулугун камсыздайт деп

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес. Негизги