Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Соң-Көлдүн жанында KyzArt Hotel мейманканасы ачылды

Ишкер Media
Соң-Көлдүн жанында KyzArt Hotel мейманканасы ачылды

Нарындагы Соң-Көлдөн 20 чакырым аралыкта жайгашкан Кызарт айылында KyzArt Hotel мейманканасы ачылды. Бул тууралуу аталган отелдин жетекчиси Узакбек Бакиров ИШКЕР МЕДИАга билдирди.

Анын айтымында, отелге келген туристтер ал жерде токтоп, андан ары Соң-Көлгө жөө басып же ат минип кетишет.

"Он төрт номер бар, ар бирине экиден киши жатат. Андан беш номерге үчтөн жатса да болот. Ар биринде туалет, душ бар", - деди ал.

Белгилей кетсек, Узакбек Бакиров көп жылдан бери туризм тармагында чет элден келген туристтерге гид кызматын көрсөтүп келет. Ал буга чейин берген маегинде "Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет. Чет өлкөлүк турист Кыргызстанда бир күндө орточо 8-10 миң сом таштайт" деп айткан эле.

  • Соң-Көл — Ички-Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. Соң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп, анын деңгээлин төмөндөтпөй турат. Жалпы аянты — 278 км², таза суунун көлөмү — 2,4 км³, узуну — 28 км, туурасы — 18 км. Орточо тайыздыгы — 8.6 м, максималдуу — 14 м.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости