Бишкектин мэриясы ишкерлерди мектепке чейинки балдар мекемелерин курууга чакырат

Бишкектин мэриясы ишкерлерди мектепке чейинки балдар мекемелерин курууга чакырат
Photo by vigor poodo / Unsplash

Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча мектепке чейинки мекемелерди куруу боюнча МЖӨ долбоорун ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы №91-б. буйругу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында мектепке чейинки балдар мекемелерин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкелери аныкталган.

Долбоордун негизги максаттары:

- Бишкек шаарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги орундар менен камсыз кылуу;

- Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү.

Долбоор мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттуу заманбап кызматтарын көрсөтүү менен жаңы бала бакчаларды түзүүнү болжолдойт. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин курулушу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин стандарттуу кызматтарын гана сунуштабастан, эрте өнүктүрүү, мектепке даярдоо жана башкалар боюнча кызматтарды да ишке ашырат. Жеке өнөктөш менен түзүлгөн келишим аяктагандан кийин бала бакчалар Бишкек шаарынын  мэриясынын балансына кайтарылып берилет.

Буйрукка ылайык жер тилкелер Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жайгашкан:

Алардын экөөсү боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар тараптар изделүүдө:

Арча-Бешик конушу-Садыбакасов-Кызыл-Адыр көчөлөрүндөгү жер тилкенин аянты - 0,28 га.

Кара-Жыгач конушу-Кара-Жыгач-Исакеев көчөлөрүндөгү жер тилкенин аянты  0,34 га.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 0312660946,0312660829, e-mail: dei@meria.kg.  Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин дареги: Бишкек ш., көч. Жибек Жолу 328.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1