Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Ошто "Көчмөн Бизнес Аянтча — 2023" иш-чарасында 1 млн долларлык келишимдер түзүлдү

Ишкер Media
Ошто "Көчмөн Бизнес Аянтча — 2023" иш-чарасында 1 млн долларлык келишимдер түзүлдү

19-20-август күндөрү Ош облусунун Сары-Ой капчыгайында ишкерлер үчүн "Көчмөн Бизнес Аянтча 2023" иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясы билдирди.

Иш-чара өлкөдөгү ийгиликтүү спикерлердин тажрыйба бөлүшүүсү, туризм багытында көргөзмө, улуттук оюндар, маданий бөлүктөр менен коштолду.

"Ошондой эле, ишкерлер ортосунду 45 кызматташуу жана сатып алуу келишимдери түзүлүп, алардын жалпы суммасы 1 млн доллардан ашты", - деп билдирди ЖИАнын маалымат кызматы.

Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан жана Казакстан, Өзбекстандан 400гө жакын ишкерлер катышкан. Аянтчада талкуулар жана жаңы таанышуулар катышкандар үчүн бизнес чөйрөсүн кеңейтти.

Жайгашкан жерине карабастан катышуучулар үчүн KIA EV6 электромобилинин чоң презентациясы өткөрүлдү.

Ошондой эле ЖИА иш-чара улуттук оюндар, туризм жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барган товар жана кызматтардын көргөзмө-жарманкеси болуп, маданий иш-чара менен коштолгонун, бизнес темасындагы спикерлер сөз сүйлөшкөнүн кошумчалады.

"Көчмөн Бизнес Аянтча" келе жаткан жылы Жалал-Абад облусунда боло турганын JIA уюму билдирди.

  • Башкы демөөрчү: "АвтоЯ" Кыргызстандагы заманбап унаа борбору * Расмий демөөрчү:  "Карагай" курулуш компаниясы
  • Расмий демөөрчү: "Automall" мультибренддик унаа салону болду.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости