Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси жарым жылда 1.8 млрд сомго жетти — 1.5 эсеге өстү

Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси жарым жылда 1.8 млрд сомго жетти — 1.5 эсеге өстү

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүп, алардын кирешелери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге өсүп, 1.8 млрд сомго жеткен. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 82%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды.

Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 277.5 млн сом сальдолоштурулган пайда алынган, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2.2 эсе көп.

"2023-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 183 миңге жакын камсыздандыруу келишимдер түзүлгөн, алардын 79%га жакыны жеке жактарга туура келди. Ошол эл учурда түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 55%ы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келген", - дейт статистикалык комитет.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2023 жылдын 1-июлуна карата 690 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 15%га  же 119 млрд сомго кыскарган. Камсыздандыруу суммасынын бир кыйла төмөндөшү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу, жарандардын курулмаларынын жана жеке медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча байкалган.

Ошондой эле комитет үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында 1.5 млрд сом камсыздандыруу салымдары келип түшкөнүн, бул 2022-жылдын I жарым жылдыгына караганда 1.5 эсеге көп экенин белгиледи.

Жылдын башынан тарта 4.7 миң камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 49%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн негизги суммалары ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга (алардын жалпы көлөмүнүн 78%ы) жана жеке медициналык камсыздандырууга (9%ы) туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media
Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкек шаарында курулуш кранын коопсуздук талаптарын бузуу менен пайдаланган "Кент Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуусунун негизинде Юдахин көчөсү, 64 дарегинде курулуп жаткан 19 кабаттуу турак үй текшерилген. Учурда объектте 16-кабаттын жабуусун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ишкер Media
“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media