Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо кызматын ишке киргизди — нускама

Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо кызматын ишке киргизди — нускама

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу органдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп сabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат.

Каттоого арыз түзүү үчүн аталган сайттын "Каттоо" бөлүмүн тандап, андан кийин "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек.

Бул үчүн төмөндө көрсөтүлгөн үч ыкманын бирин колдонууга болот: идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ); электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП); Smart-iD KG.

Cabinet.salyk.kg сайтынын "Каттоо" бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда сууэнергетикалык маселе чыр-чатактардын башаты болбой калганын билдирди. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча макулдашуу Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы туугандык өз ара мамилелердин символу болуп калганын билдирди.  Буга улай ал Тажикстан, Түркмөнстан суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча кызматташуунун позитивдүү учурларын эске салды.   Өзбек лидери суу

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев президент Садыр Жапаровго үстүбүздөгү жылы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулганын билдирди. Ошондой эле жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылганын айтты.   Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Президент айткандай, анын 400 млн

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели кыйла өстү

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели кыйла өстү

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели жыл башынан 2025-жылдын 1-ноябрына чейин 1 млрд 726,7 млн сомго өсүп, 8 млрд 544 млн сомду түзгөнүн ведоствонун маалымат кызматы билдирди.  Агенттик “Банктык депозиттерди коргоо жөнүндө” мыйзамы боюнча бош акча каражаттарын МинКаб жана Улуттук банк чыгарган баалуу кагаздарга инвестициялайт.  1-ноябрга карата УБнын

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

Ички иштер министрлиги 30-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандарды мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. ИИМ эскертет: шайлоочуларды сатып алуу, алардын эркин тандоосуна таасир этүү жана башка укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Укук бузуулар тууралуу фактылар боюнча ички иштер органдарына