2024-жылдын 1-июлунан тартып соода ишине патент жокко чыгарылат

2024-жылдын 1-июлунан тартып соода ишине патент жокко чыгарылат

Салык кызматы 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын маалымдайт.

Такталгандай, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

·      жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);

·      бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0.5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0.1% ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, стратегиялык объекттерге кирген СБКнын базарлары «Дордой» жана «Тураталы эл базары» («Кара-Суу») өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди жана базар администрацияларынын өкүлдөрүн онлайн салык кызматтары боюнча окутуп-үйрөтүүдө жана башка салык режимине өтүү процессинде көмөк көрсөтүүдө

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрациясындан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны