«Альянс Алтын» Жаратылыш ресурстар министрлиги менен активдүү кызматташуусу үчүн сыйланды

«Альянс Алтын» Жаратылыш ресурстар министрлиги менен активдүү кызматташуусу үчүн сыйланды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен тыгыз кызматташуусу үчүн сыйланды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин өкүлдөрү «Альянс Алтын» компаниясы татаал жана маанилүү тармактык маселелерди чечүүгө жигердүү катышып, КРнын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 2015-жылдан 2024-жылдын январына чейин «Альянс Алтын» мамлекеттик казынага 15.9 млрд сом салык төлөгөн. Анын дээрлик 11.4 млрд алтынды сатуудан түшкөн кирешеге салык болгон. Мындан тышкары компания жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө 1.1 млрд сом которду.

Мындан тышкары окуңуз

Тамактануу жайларында кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм алууга тыюу салынат

Тамактануу жайларында кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм алууга тыюу салынат

2026-жылдын 1-январынан тарта ресторан, кафе жана башка коомдук тамактануу жайларында буйрутма берилген тамак баасынан сырткары кызмат көрсөтүү төлөмүн алууга тыюу салынат. Мындай токтом Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды.  Документке ылайык, бардык кызматтар эми аштизимдеги тамак баасынын ичинде болушу керек. Тагыраагы, акыркы төлөм аштизимде көрсөтүлгөн баадан айырмаланбайт.  Коомдук тамактануу жайларына көрсөтүлгөн

Атамекендик өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү

Атамекендик өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү

Атамекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү үчүн кошумча нарк салыгы 2030-жылдын 1-январына чейин 80%га төмөндөтүлгөнүн “economist.kg” сайты жазды.  Мындай чечим агроөнөр жай комплексин колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн МинКаб тарабынан кабыл алынган.  Токтомго ылайык, салыктын төмөндөтүлгөн чени киргизилген айыл чарба продукцияларынын тизмеси бекитилди. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө

Быйыл Ысык-Көл облусуна 2 млн 334,3 миң турист келди

Быйыл Ысык-Көл облусуна 2 млн 334,3 миң турист келди

Быйыл июнь-август айларында Ысык-Көл облусуна келген туристтердин саны 2 млн 334,3 миңди түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин Керектөө рыногунун статистикасы башкармалыгынын башчысы Люксина Текеева маалымат жыйынында билдирди. Анын билдиришинче облус аймагында быйыл уюштурулбаган туристтерди кабыл алган 6 миң 330 үй чарбасы бар экени аныкталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу субъектилердин саны 14

Радиациялык коркунучтарды азайтуу маселеси талкууланды

Радиациялык коркунучтарды азайтуу маселеси талкууланды

«Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо» долбоорун, калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында орчундуу маселелерди - Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЕРӨБдүн Ядролук коопсуздук департаментинин директору Эстер Харландер менен талкуулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Эстер Харландер айым Майлуу-Суудагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери менен