Ислам каржылоону өнүктүрүү – Бишкекте өткөн финансылык форумунда талкууланган маселе

Ислам каржылоону өнүктүрүү – Бишкекте өткөн финансылык форумунда талкууланган маселе

Кыргызстандын финансы сектору жетиштүү өнүгүүнү көрсөтөт – ал көп сандагы финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле банктык жана финансылык продуктылардын кеңири спектри менен көрсөтүлгөн. Ошондой эле ислам принциптерине негизделген каржылоо акыркы беш жылда үч эсеге өстү. Ушуга байланыштуу калктын жана ишкерлердин каржылоонун бул түрлөрү боюнча маалымдуулугун жогорулатуу зарылчылыгы келип чыгууда. 2-мартта КРнын Улуттук банкы « Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүдө финансылык сабаттуулуктун ролу» форумун уюштуруп, анда кыргызстандыктардын жана бизнестин бул жаатта маалымдуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповдун айтымында, ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү учурда 7 млрд сомго жетти. 14 банк жана башка финансы институттары ушул принциптерге шайкеш келген продуктылардын кеңири спектрин сунушташат.

Ал белгилегендей, форумдун негизги максаты ислам каржылоону өнүктүрүүдө финансылык сабаттуулуктун жана коомчулуктун маалымдуулугунун ролун белгилөө болуп саналат.

«Ислам каржылоо рыногу жыл сайын өсүп жатат жана аны өнүктүрүү керек. Бул үчүн даярдалган базадан тышкары бизнес-коомчулук менен мамлекеттик органдардын аракеттерин бириктирүү зарыл. Биринчи кадам калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана бул тармактагы адистердин негизги жогорку билимин калыбына келтирүү болушу керек», - деп баса белгиледи Жакыпов.

Кыргызстан Аалымдар кеңешинин өкүлү Марс Ибраев да ислам принциптери боюнча каржылоого суроо-талап тынымсыз өсүп жатканын, банк системасы бул факторду эске алышы керектигин белгиледи.

«Ислам каржылоо жөн гана акча берүү эмес экенин түшүнүү керек. Шарияттын негизинде каржылык иштерди жүргүзүүнү билдирет. Анда каражатты түз берүү каралбайт. Ал эми, мисалы, жабдууларды сатып алуу жана аны кийин кардарга сатуу, ошондой эле депозиттер, лизинг жана башка кызматташтыктын түрлөрү сыяктуу инструменттерди карайт, алар ислам принциптеринин алкагында жүргүзүлүшү керек», - деп түшүндүрдү ал.

Ибраев ошондой эле айрым мыйзамдар буга даяр эмес, аларды каржылоонун ислам принциптерине ылайыкташтыруу зарыл деген пикирге да кошулду.

«Жалпысынан Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында ислам каржылоо принциптерин иш жүзүндө колдонуу боюнча биринчи орунда экенин белгилегим келет. Каржылоо талаптары абдан жогору. 30 жыл мурун беш маал намазды канча адам окуган, азыр алардын саны канчага өскөнүн өзүңүздөр көрүп жатасыздар.
Соода да өнүгүп жатат, ошондуктан ислам принциптери менен каржылоо маселеси бар. Кээ бир ишкерлер каражатты ушул эрежелер боюнча гана алууну көздөшөт, айрымдары бири-бирин каржылай башташты. Андыктан, биздин милдет – ушундай ишкерлерге керектүү шарттарды түзүү», — деп жыйынтыктады Ибраев.

Форумдун катышуучулары ислам принциптери боюнча каржылоону бекер акча деп түшүнбөш керектигин эскертишти. Каржылоо үстөк пайызсыз шарият нормалары боюнча жүргүзүлөт. Банк операциялык чыгымдарды жабуу үчүн койгон үстөк гана бар. Ошондой эле айып жана айып төлөөнүн эрежелери каралат.

Белгилей кетсек, форумдун жүрүшүндө каржылоонун ислам принциптери боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылып «Ислам каржылоо принциптери», «Ислам в реалиях современной экономики» и «Исламский банкинг в вопросах и ответах» деп аталган китептер тартууланды.

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны