Жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет үрөнү облустарга таратылууда
![Жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет үрөнү облустарга таратылууда](/content/images/size/w1200/2024/03/1650576711_24-vsegda-pomnim-com-p-kak-tsvetet-espartset-foto-24-1.jpg)
Жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет үрөнү облустарга таратылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы №526 –т тескемесинин негизинде, жайыттарды жакшыртуу максатында жайыттарга жайыт чөптөрү менен аралаштырып себүү үчүн эспарцет үрөнү РФнын «АгроМакс» ЖЧКнан конкурстук негизде 8 638 760 сомго 66452 кг сатылып алынып, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
· Баткен облусуна – 1 410 кг;
· Жалал-Абад облусуна – 25 570 кг;
· Ош облусуна – 25 340 кг;
· Талас облусуна – 3 910 кг;
· Чүй облусуна – 10 222 кг.
2024-жылдын 11-мартында эспарцет үрөнү жүктөлүп, жер-жерлерге жеткирүү иштери уюштурулат.