Кара-Кулжада жүндү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ачылды

Кара-Кулжада жүндү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ачылды

Бүгүн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында жүндү кайра иштетүүгө багытталган жаңы ишкана расмий түрдө ишке кирди. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Болотбеков катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ишкана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен “30+20+10” программасынын алкагында колдоо тапкан. Гранттык негизде тандалып алынган жеке ишкер Матаева Айгүлгө “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан 3  860  000 сом көлөмүндө пайызсыз кредит берилди.

Каражаттын эсебинен Россиядан өндүрүштүк жабдуулар сатып алынып, ишкана толук комплектацияланды, ал эми жергиликтүү бийлик имаратты камсыз кылды. Ишкана 10 жаңы жумушчу орду менен ишке кирди, бул аймактагы кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундардын иш менен камсыз болушуна салым кошот.

Ачылыш аземине 100гө жакын адам катышып, Жалал-Абад, Ош жана Чоң-Алай аймактарынан келген ишкерлер менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Жаңы ишкана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүдө маанилүү кадам катары бааланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы