Салык кызматы ишкерлерге накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетет

Салык кызматы ишкерлерге накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетет

Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы накталай эмес эсептешүүлөрдүн өнүгүшү жана бизнестин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү багытында жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, Улуттук банк, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Экономика министрлиги, Банктар аралык процессинг борбору жана банктардын союзунун өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин негизги максаты — ишкерлер үчүн накталай эмес төлөмдөрдү колдонууда көйгөйлөрдү азайтуу, эсептешүүлөрдүн коопсуздугун жана ыкчамдыгын камсыздоо, ошондой эле бизнес үчүн ачык жана тең шарттарды түзүү. Талкууда QR-коддор, электрондук капчыктар жана төлөм системаларын колдонууда кездешкен практикалык кыйынчылыктар каралды.

Катышуучулар накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга даяр экенин билдиришти. Мамлекеттик салык кызматы бул багыттагы ишмердүүлүктү улантып, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана ачык-айкын экономикага салым кошууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баасы баррелине 90 доллардан төмөн түшкөнүн соода маалыматтары күбөлөндүрөт. 2026-жылдын май айында жеткириле турган Brent маркасындагы мунайдын фьючерстеринин баасы Лондондогу ICE биржасында баррелине 90 доллардан төмөн түштү. Бул баа бир суткадан бир аз убакыт өткөндөн кийин болду, мурда анын чеги 119 долларга чейин жеткен. Россия мунайынын баасы да

ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат

ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат

Кечээ "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоорунун директору Расул Абазбек уулу 2025-жылы өткөрүлгөн инновациялык конкурстун жыйынтыгы менен бөлүштү. Анын айтымында, өткөн жылы август айында биринчи айлампа жарыяланып, 38 мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайы сынакка катышууга өтүнмө берген. “Жалпысынан 196 долбоор

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" берген маегинде ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Интерфакс кабарлайт. Маалыматка караганда, алюминийдин баасы биринчи жолу 2,8%га көтөрүлүп, 3544 долларды түздү. Акыркы жумада алюминий баалары дээрлик 10%га көтөрүлүп, үч жылдагы рекорддук өсүштү белгиледи, бул дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын түзгөн Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүнүн үзгүлтүккө