Таластагы "Султан" колбаса цехи жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоодо

Таластагы "Султан" колбаса цехи жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоодо

Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан "Султан" колбаса азыктарын өндүрүүчү цехи туруктуу иш алып барып, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууда.

Маалыматка ылайык, учурда ишканада уй жана тоок этинен жасалган колбасанын 20га жакын түрү өндүрүлүп, продукция Кыргызстандын бардык аймактарына сатууга жөнөтүлүүдө. Өндүрүш санитардык талаптарга толук жооп берип, жергиликтүү чийки затты колдонуу менен жүргүзүлөт.

Цех чек арага жакын жайгашкан айылда иштеп, бүгүнкү күндө 20-25 жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орун менен камсыз кылып келет. Бул аймактагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга өз салымын кошууда.

Учурда ишкананын жетекчилиги өндүрүштү кеңейтүү багытында иштерди жүргүзүүдө. Цехти кеңейтүү менен кошумча жумуш орундарын түзүү жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү пландалууда. Ишкерликти колдоо максатында мамлекет тарабынан арзан пайыздагы насыя берүү каралып, тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты, бирок карызын төлөгөн жок — Bloomberg

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты, бирок карызын төлөгөн жок — Bloomberg

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДСУ, ВОЗ) расмий түрдө чыкканын Bloomberg агенттиги жазды. Ошол эле учурда АКШ уюм алдындагы карызын төлөгөн эмес. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айына карата АКШнын ДСУ алдындагы карызы 260 млн долларды түзгөн. ДСУдан чыгуу тууралуу буйрукка АКШнын президенти Дональд Трамп дээрлик бир жыл мурун кол койгон.

Кыргыз-өзбек агро өнөржай кызматташуусу чыңдалат

Кыргыз-өзбек агро өнөржай кызматташуусу чыңдалат

2026-жылдын 23-январында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Өзбекстан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга министрликтин атынан министрдин орун басары Б. Бекболотов, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) секторунун башчысы И. Анарбеков катышты. Ал эми Фонддун атынан Фонддун төрагасы Азиз

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Таластагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө Бишкек шаарынын борборунан эки бөлмөлүү батирдинберилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин ЖМКлар Рыскул Сыргабаев менен Медина Калиеванын кайрылуусун жарыялаган. Анда жаш жубайлар турак жай жана документ маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. 2024-жылдын ноябрь айынан бери алар борбор калаада ижарага алынган батирде жашап келишкен.

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева  Шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында учурда борбор калаада 119 мектеп жана 120 бала бакча бар экенин билдирди. Алардын ичинен: * 130 билим берүү мекемеси борборлоштурулган жылуулукка, * 54 мекеме газ менен, * 46 мекеме электр казандары (электрокотельная) аркылуу, * 15 мекеме көмүр