Баткенде жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт

Баткенде жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт

Баткен облусунда жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сирокко Мессерли менен жолугушууда билдирди.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушууда аймактагы миграция маселелери, аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, саламаттык сактоо, климаттык туруктуулук жана социалдык долбоорлор талкууланды.

Мамыржан Рахимов өз сөзүндө Швейцария жана Улуу Британия тарабынан каржыланып жаткан долбоорлор чакан бизнеске, эмгек мигранттарына жана жаш ишкерлерге олуттуу колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жарандардын ишкердик демилгелерин колдоо максатында ар кандай гранттык программалар, окутуу долбоорлору жана жеңилдетилген насыялар ишке ашырылууда.

Тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, калктын жашоо-шартын жакшыртуу жана Баткен облусунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу негизги максат экенин айтышты.

Белгилей кетсек, Эл аралык миграция уюмунун "Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция" долбоорунун алкагында Баткен облусунда пилоттук 1+1 программасы ишке ашырылууда. Бул программа бизнес баштоо жана кеңейтүү демилгелерин колдоого багытталган. Акыркы эки жыл ичинде миграциядан кайтып келген 28 жаранга грант берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди