Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?
28-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү. Делегацияны Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеди. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Сапардын негизги максаты — кредиттик кепилдик системалары боюнча тажрыйба алмашуу жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү.
Делегация "Кепилдик Фонд" ААКсына барып, фонддун ишмердүүлүгү менен таанышты. Башкармалыктын төрагасы Малик-Айдар Абакиров ишкерлерге кредиттик жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана кепилдик инструменттеринин ролу тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле тараптар кредиттик-кепилдик механизмдерди өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Япон делегациясы финансы министри Алмаз Бакетаев жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен да жолугушту. Анда чакан жана орто бизнести колдоо жана каржылык инструменттерди өнүктүрүү маселелери каралды.
Японияда кредиттик кепилдик системасы өнүккөн. Өлкөдө 51 корпорация иштеп, кепилдик көлөмү кредиттин 80%ына чейин жетет. 2024-жылы 1,49 миллионго жакын ишкана бул колдоодон пайдаланган.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана эл аралык тажрыйбаларды киргизүү Кыргызстанда ишкердикти колдоону күчөтөрүн белгилешти.