Кыргызстанда миңден ашык кыргыз-корей компаниялары иштейт - экономика министри

Кыргызстанда миңден ашык кыргыз-корей компаниялары иштейт - экономика министри

Бишкекте жеңил өнөр жай тармагындагы биринчи кыргыз-корей бизнес-форуму башталды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министри Данияр Амангелдиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ мырза, Кореянын өкүлдөрү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен саламдашып, стратегиялык өнөктөштүктү жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү – Кыргыз Республикасы үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Учурда республикада кореялыктар катышкан 1000ден ашык компания иштейт.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын январында Корея өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстан өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү боюнча Түштүк Кореянын башкы өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилген.

Кыргызстан Кореяны дүйнөдөгү эң өнүккөн экономикасы бар үлгү катары карайт жана экономиканын, өнөр жайдын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүү боюнча Кореянын алдыңкы тажрыйбасын жана практикалык көндүмдөрүн үйрөнүүгө даяр, деп кошумчалады министр.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы