Азык-түлүктүн баасы кыргызстандыктардын айлыгынан ылдамыраак өсүүдө

Азык-түлүктүн баасы кыргызстандыктардын айлыгынан ылдамыраак өсүүдө

Эмгек акынын жогорулашы дайыма эле калктын турмушунун жакшырып жатканын билдирбейт. Эмгек акы менен катар азык-түлүк жана башка керектүү товарлар да кымбаттап жатат. Эмгек акы көтөрүлгөндө жарандардын кирешеси өсөбү же жокпу, кантип билсе болот?

Economist.kg айлык акынын өсүшү менен азык-түлүк бааларын салыштырып көрүп, акыркы жылдарда кыргызстандыктар жакшыраак жашай баштадыбы же жокпу, билүүнү чечти.

Жыл сайын бизге эмгек акылардын өсүшү жөнүндө айтылат. Бирок аны менен бирге товарлар менен кызматтардын баасы да өсүп, элдин жашоо сапаты ошол эле деңгээлде калып же төмөндөп жатат.

2016-жылдан бери Кыргызстандагы орточо айлык 26%га көтөрүлдү (сом менен):

Ошол эле мезгилде негизги азык-түлүктөрдүн баасы 15-40%га көтөрүлгөн (сом менен):

Божомолдоолор боюнча Украинада эгин түшүмүнүн төмөндөшүнөн улам жана Россияга карата санкциялардын айынан инфляциянын темпи өсөт. Баалар 2023-жылы гана түшүшү күтүлөт:

Айлыктардын көтөрүлүшү элдин жашоосун жакшырткан жок. Азык-түлүктүн жана башка товарлардын баасы калктын эмгек акысынан ылдамыраак өсүп жатат.

Маалымат булактары: Улутстатком, Улуттук банк.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы