Финансы министрлиги сырттан келген инвестицияларга кепилдик берет, бирок кантип? - комитеттеги талкуу

Финансы министрлиги сырттан келген инвестицияларга кепилдик берет, бирок кантип? - комитеттеги талкуу

Быйылтан баштап Финансы министрлиги сырттан келген инвестицияларга кепилдик берип баштады. Бул тууралуу кечээ, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев билдирди.

Белгилей кетсек, жыйындын башында Амангельдиев КР министрлер кабинети менен БАЭнин өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды тартуу боюнча уставдык капиталы 100 млн долларга жеткен Абу-Даби өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашуунун долбоору тууралуу баяндама жасаган.

Министрдин айтымында, фондго келген долбоорлорго Финансы министрлиги кепилдик берет жана жакында эле аталган министрлик Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан берилген 26 млн долларлык долбоорго кепилдик берген.

“Бул институт иштеп баштады. Эгерде биздин экономикага керектүү , импорттун көлөмүн азайтууга жардам берген долбоорлор боло турган болсо, Финансы министрлиги аркылуу кепилдик берилет.

Азыр дүйнө жүзүндөгү рейтингибиз өтө төмөн болгондугуна байланыштуу, кээ бир финансылык уюмдардын биздин кредиттик уюмдарыбызга ишеничи жок. Ошол себептен биз Финансы министрлигинен кепилдик алып, долбоорлорду алдыга жылдырганга аракет кылып жатабыз”, – деди Амангельдиев.

Ошондой эле жыйында отурган Финансы министринин орун басары Руслан Татиков кепилдик жөн алынбай тургандыгын белгиледи.

“Биринчиден Экономика министрлигине кайрылат, аталган министрлик аны карап чыгат. Эгерде айыл-чарбага тиешелүү долбоор болсо, Айыл чарба министрлигинен дагы экспертизациядан өтөт, андан кийин биздин администрацияга барат. Минкабдан жактырылат жана андан башка комитеттен да өтүш керек”, – деди Татиков.

Ал эми Амангельдиев Финансы министрлиги кайтарылчу каражаттын тобокелчиликтерин ала тургандыгын айтса, комитеттин мүчөсү, депутат Надира Нарматова үч тараптуу келишим түзүлсө, кепилдик эмне менен бекиле тургандыгын, чоң суммадагы долбоорлорго күрөө жетишсиз болсо, өндүрүүчү төлөй албай калса, кайра эле бул каражаттар мамлекеттин бюджетине келип байланып калаарын, жоопкерчилик бюджеттин эсебинде болоорун айтты.

Комитетте фонд кандай долбоорлорго кредит берет же бербей тургандыгы тууралуу талаш-тартыш жаралды. Ал эми Татиков фондду түзүү долбоору макулдашуу стадиясында экенин, азыр кандай долбоорлорго каражат берилерин айтуу азырынча эрте экенин белгиледи. Амангельдиев болсо, бул түзүлүп жаткан Абу-Даби фонду же холдинг компаниясы социалдык долбоорлорду карабай тургандыгын айтты.

“Экономикалык негиздемеси бар гана долбоорлор бул фонддон өтөт, ал эми социалдык долбоорлор өтпөйт. Эгерде кепилдиги жок болсо, өтпөйт. Бул коммерциялык банктардын принциби менен иштейт, бирок каражаттар 10 жылдан баштап узак мөөнөткө, аз пайыз менен берилет”, – деди Экономика министри.

КР менен БАЭнин ортосунда капиталы 100 млн долларга жеткен инвестициялык фонд түзүлөт

Мындан тышкары окуңуз

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор