2023-жылдан баштап жеке ишкерликти каттоо жана патентти берүүнү банктар жүргүзөт
Салык кызматы көптөгөн сервистерин автоматташтырууну, айрым функцияларын банктарга жана мобилдик операторлордун тиркемелерине өткөрүп берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу 16-ноябрда Улуттук салык форумунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдирди.
Дубанаевдин айтымында, келерки жылдан баштап төрт жаңы нерсе киргизилет жана алардын айрымдары азыртан эле тестирлөөдөн өтүп жатат:
1. Жеке ишкерликти электрондук каттоо
Биринчиден, Салык кызматына барып отурбай эле жеке ишкерди каттоодон өткөрүү иштерин баштадык. Биз онлайн сервис түздүк: анда электрондук цифралык кол тамга аркылуу Салык кызматынын сайтында катталууга болот. Биз аны тесттик режимде ишке киргиздик, азыр аны “каттуу режимде” ишке киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актыны (министрлер кабинетинин токтому) күтүп жатабыз.
Мындан тышкары, биз жеке кабинет аркылуу кирүүгө гана эмес, ошол эле банктарга бул функцияны берүү мүмкүнчүлүгүн түзгүбүз келип жатат. Мисалы, эгерде жаран бизнес ачып, кредит алам деп банкка келсе, банктан “Салык кызматына катталып, патентиңди көрсөт” дейт.
Биз жеке жак 2023-жылы банкка келгенде, банк аны салыктык каттоого коюп, электрондук патент жана анын аркасынан кредит бере турган кылышыбыз керек. Ошондо салык кызматына баруунун да кажети болбой калат.
2. Мүлк салыгын төлөөнү автоматташтыруу
Биз мүлк салыгын төлөөнү автоматташтыргыбыз келип жатат. Мисалы, “Салык төлөө күнүңүз келди, сиз үч унааңызга жана бир батириңизге төлөшүңүз керек; бул мынча сумма болот” деген сыяктуу билдирүү жөнөтүү. Азыр баары биздин сайтка кирип, калькулятордон эсептеп, тиркеме аркылуу төлөшөт. Ошондой эле эскертмелер MegaPay, O!Деньги жана башка тиркемелер аркылуу келип, биз аны адам ошол жерден дароо төлөй тургандай кылып жасай алабыз.
3. Юридикалык жактарды каттоону автоматташтыруу
Келерки жылдан тарта компанияны каттоо үчүн Юстиция министрлигине, андан кийин Салык кызматына баруунун кажети жок болот. Мунун баары электрондук форматта да болот.
4. Жеке эсепти адаптациялоо
Бухгалтердик эсеп системалары биздин системаларыбыз менен түздөн-түз иштеши үчүн, биз кызматтарды бардык каалоочуларга бергибиз келип жатат.
“Чындыгында булардын баары майда эле нерселер, бирок Салык кызматы менен иштөөнү жеңилдетет жана ыңгайлуу кылат”, – дейт Салык кызматынын төрагасынын орун басары.