Бийлик жакынкы үч жылда Кумтөрдөн 41 млрд сом түшөт деп күтүүдө
Бийлик 2023-жылдан 2025-жылга чейин Кумтөр кенинен түшкөн салыктын көлөмү 40.9 млрд сомду түзөт деп күтүүдө. Мындай божомолду 2023-жылга карата бюджет долбоорунда Финансы министрлиги берген.
Айтылган мезгил аралыгында алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык 38.2 млрд сомду түзмөкчү.
Жалпысынан алганда 2023-жылы мамлекеттик инвестициялык гранттарды (сырттан келген каражаттар) эсепке алганда, республикалык бюджеттин кирешелери 322.7 млрд сом же ИДПнын 34.8%ын түзөт деп алдын ала караштырылууда.
2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин кирешеси 389.2 млрд сомду жана 443.8 млрд сомду түзмөкчү.