MegaCom келерки жылы сатыкка коюлганы жатат

MegaCom келерки жылы сатыкка коюлганы жатат

Мамлекеттик мүлк фонду 2023-жылы “Альфа Телеком” ЖАКты (MegaCom уюлдук оператору, мамлекеттин үлүшү – 100%) сатуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына аталган фонддун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди, деп маалымдайт 24.kg.

Анын айтымында, учурда уюлдук оператордун наркы 14 млрд 15 млн сомго (КР Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 165 млн доллар) бааланат. Акыркы бааны баалоочу компания аныктайт.

«Долбоорду өзгөртүү боюнча дагы деле сунуштар түшүп жатат. 2023-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде сатыкка чыгарабыз. Бул аукцион же конкурс болушу мүмкүн. Улуттук банк да ага катыша алат», – деп Бакировдун айтканын Kaktus.media билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды. Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. Базарлар инфраструктурасы Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Транспорт жана жол-транспорттук

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

2025-жылдан бери жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында активдер болжол менен 1,6 млн долларга сатылганын "B5+1" форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында өткөн бизнес- жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди. Кеңештин маалыматына ылайык, 2025-жылдын сентябрь айына карата жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилген. Анын