Минкаб суу тармагындагы аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөт

Минкаб суу тармагындагы аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөт

Суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз. Бул тууралуу Бишкек суу форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда, коопсуз ичүүчү сууга, санитарияга жана гигиенага жетүү адамдын ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи.

«Дүйнө жүзү боюнча 2 млрдга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Сууну керектөөнүн 70%га жакынын айыл чарбасы түзөт. Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү дагы агрардык мамлекет. Адамзаттын сууга болгон суроо-талабы өсүүдө жана ал 2050-жылга карата 40 пайыздан ашык көбөйөт деп болжолдонууда», – деди ал.

Дүйнөлүк тарыхта суу – гүлдөгөн улуу цивилизациялардын тарыхын түзгөнүн билгилеген минкаб төрагасы, бүгүн жогорку технологиялык 21-кылымдасуу – өнүгүүнүн башаты болуу позициясын жоготкон жок – бүгүн дагы бирөө ичээрге суу таппай жүргөн доор. Демек, суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү бүгүнкү Бишкек суу форумунун алкагында, аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз, деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media