Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 47%га өстү

Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 47%га өстү
Photo by Kyle Glenn / Unsplash

Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 2.7 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 47%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук берүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да өсүшү менен камсыз кылынды. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 15.9%ды, импорттуку 84.1%ды түздү.

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1.1 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 7.6%га азайган.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (62.3%) жана Казакстанга (35.1%) туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аскер прокуратурасы "Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имаратты буздурууну камсыз кылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан метеостанциянын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталган. Курулуш Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри

Ишкер Media
Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки ири көчө - Т.Атабаев жана Ы.Монуев көчөлөрү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, А.Мамыров көчөсүнөн №47 көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Ачылышка мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана тургундар катышты. Жалпы узундугу Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6

Ишкер Media
Өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет

Өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет

Кыргызстандын Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө иштен бошотууну пландабайт жана жаш курагына карата дискриминация саясатын жүргүзбөйт. Бул тууралуу министрликтен социалдык тармактарда улуу муундагы мугалимдердин эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарыяланган маалыматтарга карата билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы бардык чечимдер КР Конституциясынын, эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле Эл аралык эмгек

Ишкер Media
МинКаб төрагасы: маданият тармагына жылына 6-10 млрд сом бөлүнүп жатат

МинКаб төрагасы: маданият тармагына жылына 6-10 млрд сом бөлүнүп жатат

Кыргызстанда маданият тармагына жыл сайын 6-10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты. Анын айтымында, бул каражат маданиятты өнүктүрүүгө, маданий мекемелердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, керектүү шартарды түзүүгө сарпталууда. Ошондой эле

Ишкер Media