2023-жылдын беш айында жергиликтүү бюджеттерине 4 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын беш айында жергиликтүү бюджеттерине 4 млрд сом бөлүндү
Photo by Irene Strong / Unsplash

2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бөлүнгөн каражаттардын ичинде:

· теңдештирүү трансферттер боюнча – 1.3 млрд сом каржыланды;

· максаттуу трансферттер боюнча – 2.7 млрд сом бөлүндү.

Анын ичинен:

· бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50% өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98.2 млн сом;

· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92.4 млн сом;

· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32.1 млн сом;

· Бишкек шаары (бирдиктүү салык) – 2.3 млрд сом;

· Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча – 117. 5 млн сом;

· Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;

· Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;

· калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга – 102.6 млн сом;

· облустардагы өкүлчүлүктөрүнө – 186.5 млн сом;

· облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна – 12.5 млн сом;

· электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;

· райондук мамлекеттик администрацияларга – 323.7 млн сом;

· райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12.5 млн сом;

· облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138.2 млн сом;

· райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97.7 млн сом;

· Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.

Мындан тышкары окуңуз

7 агенттикке Кыргыз  жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат берилди

7 агенттикке Кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат берилди

Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөнүн маалымдады. Маалым болгондой, жыйында Кыргыз жарандарын өлкө чегинен тышкары ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер каралды. Анда комиссия бир катар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жаңы уруксаттарды берүү

Ишкер Media
Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин базистик окуу пландарында көрсөтүлөт. Маалыматка караганда, каникул 15-ноябрга чейин созулуп, 16-ноябрда сабактар башталат. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA

Ишкер Media
"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аскер прокуратурасы "Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имаратты буздурууну камсыз кылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан метеостанциянын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталган. Курулуш Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри

Ишкер Media
Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки ири көчө - Т.Атабаев жана Ы.Монуев көчөлөрү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, А.Мамыров көчөсүнөн №47 көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Ачылышка мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана тургундар катышты. Жалпы узундугу Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6

Ишкер Media