Улуттук банктын 2022-жылдагы кирешесинин 90% бюджетке которулат

Улуттук банктын 2022-жылдагы кирешесинин 90% бюджетке которулат

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамдын демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы. Бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90% өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор эч кандай сын-пикирлер жана сунуштарсыз Улуттук банкы менен макулдашылган.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы - Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Жолугушуу анын Кыргызстандагы миссиясынын аяктаганына байланыштуу уюштурулган. Тараптар Кыргызстандын БУУ системасы менен кызматташтыгын жана мындан аркы өнөктөштүктүн багыттарын талкуулашты. Ошондой эле туруктуу өнүгүү, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, адамдык потенциалды өнүктүрүү жана мамлекеттик институттардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорл

Түрк мамлекеттер уюмуна өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны болду

Түрк мамлекеттер уюмуна өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны болду

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Бешинчи жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, учурдагы чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелерине,

"Учкун" эми жеке мектептерге окуу китептерин түз сатпай турган болду

"Учкун" эми жеке мектептерге окуу китептерин түз сатпай турган болду

Агартуу министрлиги "Учкун" басмаканасына окуу китептерин жеке мектептерге түз сатууга тыюу салды. Бул тууралуу "Учкун" ААКынын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев билдирди. Анын айтымында, буга чейин басмакана окуу китептерин кайрылуулардын негизинде каалоочуларга, анын ичинде жеке мектептерге өз каражатына сатып келген. Эми китептерди бөлүштүрүү менен Агартуу министрлиги

Улуттук банк Ошто финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү

Улуттук банк Ошто финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү

Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы 16-сентябрда Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү. Ага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарада Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери