Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат

Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке киргизилсе жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине бир жумалык мөөнөттө аткара турган тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media