Садыр Жапаров: Асман – финансылык хаб болот

Садыр Жапаров: Асман – финансылык хаб болот

Асман шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров курулуштун баштоо аземинде билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Заманбап шаар курулушун колдоо менен биз алдыга коюлган улуу максаттарга ынтымак менен гана жетерибизди, ой-кыялдарыбызды реалдуулукка айланта аларыбызды далилдеп турабыз.
Азыркы тапта дүйнө өлкөлөрү акылдуу шаарларды курууга умтулуп жатканын эске алсак, заман талабынан артта калбай, “акылдуу шаар” куруу долбоору кубаттоого арзыйт.
Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздүн жээгинде инновациялык шаар куруп, экономикалык жана туристтик борборго ээ болобуз», - деди президент.

Анын айытмында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор эң алды менен туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү максатын көздөйт. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы туристтерди өзүнө тарткан кереметтүү көлүбүздүн жээгине мындай инновациялык шаар куруу менен, өлкөбүздүн туристтик жана инвестициялык кудуретин мындан да арттырууга жол ачылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Экономикалык контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин чеги жогорулашы мүмкүн

Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт

Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтет

Global Finance басылмасынын версиясы боюнча DemirBank 2026-жылы "Кыргызстандын мыкты банкы" деп таанылды

Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаранга айып пул салынды