Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.5 млрд кубометрден ашты

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.5 млрд кубометрден ашты

13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 544 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу маалымат «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтында жарыяланды.

Мекеме билдиргендей, суу сактагычка суунун агып кириши агымдан ашат. Суунун агып кириши секундасына 615 м³, чыгымы 442 м³ деңгээлинде.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыдан төмөн бойдон калып, суу сактагычтын өзү жай толуп жатканын кошумчалайбыз. Бул коомчулукта, массалык маалымат каражаттарында, жада калса депутаттарда да суроолорду жаратууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды