KOICA мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык планын иштеп чыгууга жардам берди

KOICA мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык планын иштеп чыгууга жардам берди

Айыл чарба министрлиги Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) менен биргеликте мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн негизги концепциясы мөмө-жемиш тармагынын нарк чынжырчасынын негизги түзүүчүлөрүнүн, анын ичинде фермерлердин жана кайра иштетүүчү ишканалар жана анын көмөкчү компоненттеринин, анын ичинде илимий-изилдөө жана мамлекеттик мекемелердин ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөдө турат.

Мындайча айтканда, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү стратегиясы жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу процессине катышкандар жана органикалык түрдө система аркылуу байланышкан концепцияны камтыйт.

«Биринчи 5 жылдын планы Ош жана Баткен облустарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен мөмө-жемиш кластерин илгерилетүү жана анын потенциалын бекемдөө болуп саналат. Ал эми узак мөөнөттүү максат пилоттук долбоорлорду Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарына жайылтуу», - деп билдирүүдө белгиленет.

Кыргызстан ыңгайлуу климаттык шарттардан жана коңшу өлкөлөрдөгү туруктуу суроо-талаптан улам дээрлик бардык региондордо мөмө-жемиштерди өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган бир катар чараларды иштеп чыгып жана ишке ашырып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россиянын  финансылык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын финансылык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков "Мульти Трансфер" эл аралык акча которуу системасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жеңилдетүү, ишкерлер үчүн эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү маселелерин

Ишкер Media
Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде муниципалдык кызматтардын ишинин сапаты, кызматкерлердин жоопкерчилиги жана мыйзам бузууларга бөгөт коюу маселелери талкууланды. Кеңешмеде ишкерлердин бири муниципалдык администрациянын кызматкерине

Ишкер Media
"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media