Кытайлык Qingdao Кыргызстандын экспортун жогорулатууга жардам берет

Кытайлык Qingdao Кыргызстандын экспортун жогорулатууга жардам берет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кытайдын Qingdao Beverage Group Co Ltd. корпорациясынын төрагасы Ван Да менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана Кытай Эл Республикасына азык-түлүк экспорттоо жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Байсалов кытай корпорациясы менен өз ара пайдалуу кызматташуу Кытайга ата мекендик азык-түлүк товарларын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Ван Да республиканын экспорттук потенциалын чыңдоо, соода алакаларын өнүктүрүү жана Кыргызстандын экономикасына жаңы технологияларды тартуу процессине жигердүү салым кошууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын 20 миң 286 мугалимине "Алтын Казык" ноутбуктары берилди

Кыргызстандын 20 миң 286 мугалимине "Алтын Казык" ноутбуктары берилди

Бүгүн өлкө мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 20 миң 286 даана “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылганын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда. Белгилей кетсек, ата мекендик ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк”

Кыргызстанда автоунаалардын саны 2 миллионго жакындады

Кыргызстанда автоунаалардын саны 2 миллионго жакындады

Кыргызстанда расмий каттоодо турган автоунаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 61ге жеткенин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди. Министрдин айтымында, өлкөдөгү транспорттун саны 13%га өсүп, экологиялык негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда. Учурдагы автопарктын курамы төмөнкүдөй бөлүнгөн: * Бензин менен жүргөндөр: 972

Топуракты кайсыл жактарга анализге тапшырса болот?

Топуракты кайсыл жактарга анализге тапшырса болот?

Кыргызстанда фермерлер топурактын курамындагы азык заттарды аныктоо үчүн лабораториялык анализге үлгүлөрдү тапшыра алышарын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Чүй облусу Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы. Дареги: Сокулук району, Кожомкул (Военно-Антоновка) айылы, Токтогул көч 3. Лаборатория башчысы - Кулмамбетова А., тел.: 0707 989-745 Ош облусу Ош

АКШнын ири компаниялары менен инвестициялык келишимдер түзүлөт

АКШнын ири компаниялары менен инвестициялык келишимдер түзүлөт

Бишкекте америкалык алдыңкы компаниялардын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатканын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуулар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташууну чыңдоого, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарында ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган. Америкалык тараптан АКШ–Кыргызстан шшкердик кеңеши, АКШнын Эл аралык