6 ай ичинде ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер берилген

6 ай ичинде ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер берилген

2023-жылдын алты ай ичинде ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер берилген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында ведомствонун ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы да өзүнүн оң салымын кошту. Утуштун жүрүшүндө жарандар товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууда кассалык чектерди талап кыла башташкан.

«6 ай ичинде республика боюнча ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер басылып чыккан. Демек, кирешелерди жашыруу мүмкүн болбой, бюджетке төлөнө турган салыктар келип түшүүдө», - деди Абдувапов.

Ал учурда Салык кызматы ишкердик субъекттеринин ККМди колдонуусун контролдоону жакшыртууга мүмкүндүк берген кассалык аппараттарды башкаруунун жаңы системасын колдонуп жаткандыгын маалымдады.

Жаңы системанын артыкчылыктарынын катарында – реалдуу убакыт режиминде кассалык аппараттардан түздөн-түз Салык кызматына маалыматтарды ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү. Башкача айтканда, маалымат берүүгө ортомчу уюмдар жок. Ортомчу уюмдарсыз (ФМО) маалыматты түздөн-түз алуу салык төлөөчүлөргө кассалык аппараттарды тейлөөгө акынын өлчөмүн азайтууга мүмкүндүк берди

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media