Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүрүшү бир жылда төрт эсеге өстү

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүрүшү бир жылда төрт эсеге өстү

2023-жылдын алты айында Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 17 млн доллардан ашты, бул 2022-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу төрт эсеге көп. Бул тууралуу Азербайжандын вице-премьер-министри Али Жавад оглы Ахмедов кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда билдирди.

Жолугушууда ал өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 19%га өсүп, 10.8 млн долларды түзүп, пандемияга чейинки деңгээлден ашып кеткенин айтты.

Белгилей кетсек, Азербайжандын ММКлары Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде өлкөдөн Кыргызстанга дээрлик 14.9 млн долларлык продукция экспорттолгон, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 эсеге көп.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Азербайжанга экспорту 2023-жылдын биринчи жарымында 2.1 млн доллардан ашык болсо, өткөн 2022-жылы экспорт 3.2 млн долларды түзүп, 33%га азайган.

Read more

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь