Энергетика министрлигинин жарым жылдык ишин жыйынтыктады

Энергетика министрлигинин жарым жылдык ишин жыйынтыктады

Бүгүн, 2023-жылдын 27-июлунда 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлигинин коллегиясы болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев жана ар бир энергокомпаниянын жетекчилиги 2023-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары жана  2023-жылдын II-жарым жылдыгына каралган пландар боюнча доклад окуп, жетекчилик тарабынан суроолор берилип, тиешелүү адистер жооп берди.

Жалпысынан алганда 6 ай аралыгында энергетика тармагында бир катар жумуштар аткарылды.

Энегетика тармагындагы жүргүзүлгөн реформанын алкагында;

1- ЭКБ тууралуу мыйзамдын жаңыланышы.

2- Бизнес процестерди автоматташтыруу ERP-система киргизүү.

3- КРнын 2021-2025-ж.ж. карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизилди.

4- “Электр станциялары ” ААКтын Каракөл шаарына көчүрүлдү.

5- Энергетикадагы “Өзгөчө кырдаал” режиминин киргизилди.

6- Бир катар Меморандум, келишимдерге кол коюлду.

7- “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК жоюлууда

8- “Камбар-Ата 1” ГЭС, “Куланак”, “Бала-Саруу” жана Чакан ГЭСтер салынууда.

9- Абоненттер менен иштешүү үчүн ынгайлуу болгон “Мой свет” мобилдик тиркеме ишке кирди.

10-Акыркы 20 жылдан бери  иштебей келген “Түндүк Сох” газ сактоочу жайы ишке киргизилүүдө.

11- Республикада биринчи болуп кубаттуулугу 10 МВтты түзгөн шамал электр станциясынын курулуш иши башталды.

     12-“Бишкек ЖЭБ” жана “Бишкекжулуулуктармагын” өзүнчө мамлекеттик ишкана кылып бириктирүү иштери жүргүзүлүүдө.

     13-Энергетика тармагын өнүктүрүү максатындагы бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылды.

1- Көмүр, газ, мазут боюнча келишимдер түзүлүп, Казакстандан көмүр ташылып келе баштады.

2- Электр энергиясын импортто боюнча келишимдер түзүлдү.

3- Аны менен катар  жылытуу тармагында жаңы отказандар орнотулуп,

эскилиги жеткен түтүктөр жаңыланууда.

4- Электр тармактар ишканалары быйыл жаңы техникалар менен камсыздалып,  акылдуу эсептегичтерди орнотуп, СИП аба-чубалгыларын тартып, айрым көмөк чордондорду жаңылап жана күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин графиктин негизинде өз убагында аткарууда.

5- ГЭСтердеги  реконструкция иштеринин жүргүзүлүшү энергетика тармагындагы алгылыктуу иштердин катарын толуктайт.

6- Күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрө турган станцияларды  жана Чакан ГЭСтерди курууга бел байлаган жеке ишкерлер менен министр  2 жолу жолугушуу өткөрүп, чечилбеген маселелери талкууланды.

Министри Таалайбек Ибраев иш-чаранын соңунда 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча  айрым ишкананын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин алгылыктуу аткарылбаган иштерин баса белгилеп,  электр энергиясын колдонуу өлчөмү боюнча лимитти сактабагандагы  үчүн тийиштүү адистерге “сөгүш” жана “эскертүү” берип, айрымдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу чечимин чыгарды. Ошондой эле, авариялык өчүрүүнү азайтуу жана керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, келерки кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү бүгүнкү күндүн талабы экенин эскертип, энергокомпанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу балактары боюнча долбоорлорду тездетип ишке ашырууну, 2023-жылга коюлган ар бир иш-план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media