Минкаб Чүй облусундагы суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү

Минкаб Чүй облусундагы суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министри жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Отурумда Чүй облусунун аймагына суу кампаларды куруу маселеси каралды. Атап айтканда, суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) кыска убакыттын ичинде куруу.

Маалым болгондой Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта Министрлер Кабинети жакын арада ири каражат бөлөөрү күтүлүүдө.

Адистердин белгилөөсүндө маселен сегиз райондон турган Чүй облусунда кайрак жана сугат жеринин жалпы аянты 417,0 миң гектарды түзөт. Анын ичинен сугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30%на агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров дыйкандарды толук кандуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригация маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү тапшырмаларды берди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты